БЮДЖЕТ ТАРТЫШТЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т ТАРТЫШТЫГЫ (англ. Budget deficit) – мамл. чыгымдардын мамл. Кирешеден ашып кетүүсү. Б. т. учурунда өлкөдө мүлктүн көлөмү азаят. Б. т-н финансылоонун эки жолу бар: баанын орто деӊгээлинин көтөрүлүшүнө алып келүү үчүн жүгүртүүгө акчанын кошумча санын чыгаруунун натыйжасында мамлекет киреше алуучу кредит-акча эмиссиясы (мамбюджеттин тартыштыгын монеталаштыруу); 2) менчик сектордо инвестицияларды кыскартуу м-н проценттин орто рыноктук ченин өстүрүүчү ж-а накта экспортту азайтуучу калктын ж-а борбордук банктын мамлекеттик заёмдору; 3) салык түшүүлөрүн көбөйтүү.