БЮЛЬ-БЮЛЬ
БЮЛЬ-БЮЛЬ (өз аты-жөнү Мамедов Муртуза Мешади Рза оглы) (22. 6. 1897, Тоолуу Карабах, Шуша – 26. 9. 1961, Баку) – азербайжан ырчы-

сы (лирика-драмалык тенор), Азербайжан муз. театрынын түзүүчүсү, музыка изилдөөчү-фольклорист, СССР эл арт. (1938), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950), Баку консерваториясынын проф. (1940). Жаш кезинен булбулдун үнүн туурап жүрүп, Булбул (азербайжанча Бүлбүл) атка конгон. Чыг-лык жолун ырчы катары баштаган. Азербайжан мугамын ж-а элдик ырларды аткарган. 1920-жылдан Азербайжан мамл. театрында (кийин М. Ф. Ахундов атн. опера ж-а балет театры) солист. 1927-ж. Баку консерваториясын Н. И. Сперанскийдин классы б-ча бүтүрүп (1921–27), Миланга (Италия) ырчылык өнөрүн өркүндөтүүгө жиберилген. Аткарган партиялары: Көр уулу (У. Гажибеков, «Көр уулу»), Саро (Тигранян, «Ануш»), Ашык-Гариб (Глиэр, «Шахсенем»), классикалык опералардан аткаргандары: Герцог (Верди, «Риголетто»), Каварадосси (Пуччини, «Тоска») ж. б. Бир нече орден ж-а медалдар м-н сыйланган.