БОЛОТ-БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛОТ-БЕТО́Н – портландцемент, кварц куму, болот кырындысынын аралашмасынан алынган бышык бетон. Констр-сы бетон ж-а болот арматурасынын айкалышынан турат. Бетон негизинен кысуу, ал эми арматура – чоюу күчүнө туруштук берет. Ал көпкө жешилбейт ж-а бекем, узакка чыдамдуу, калыптоого ийкемдүүлүгү м-н артыкчылыкка ээ. Ал өнөр жай имаратынын, панел үйдүн таманына төшөлөт, көпүрө курууда, гидротех. курулушта ж. б. кеӊири колдонулат.