БОЛУШТУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛУШТУК (орусча волость – аймактык башкаруу бирдиги) – падышалык Россиядагы аймактык-башкаруу бирдиги. Кырг-н Россиянын курамына кошулгандан кийин 1867-ж. 11-июлда бекитилген «Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустарындагы абал жөнүндө» жобонун негизинде Кырг-ндын аймагы уезддерге, уезддер Б-тарга бөлүнгөн. 1868-ж. алгачкы шайлоо өткөрүлгөн. Б-тар 1000–2000 түтүндөн турган. Мис., 1913-ж. Пишпек уездинде 50, Пржевальск уездинде 33 Б. болгон. Жер которуп келгендерден өз алдынча жамааттар (общиналар) түзүлүп, аларды «кыштак болуштуктары» деп аташкан. Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир аймактык башкаруу бирдикке биригишине жол ачып, кезегинде жерг. отурукташкан ж-а көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн. Б. бөлүнүш 1917-ж. чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин сов. негизде кайрадан уюштурулган. Алсак, Кырг-нда 1926-ж. 4 округга баш ийген 72 Б. болгон. СССР БАКы м-н ЭКСтин 1930-ж. августтагы чечимине ылайык, жаӊы аймактык-бийликке бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөндүгүнө байланыштуу Б-тар жоюлган; Кырг-нда Б-ту башкаруучу адам болуш (волостной) деп аталган.