БОЛЧАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЛЧАР – байыркы кыргыз уруусу (6–10-к). Жазма булактарда Б-лар м-н бирге «ач», «ли» аттуу кыргыздардын башка уруулары эскерилет. Кыргыз каганынан Тибетке барган (8-к-дын баш чени) Эрен Улуг аттуу элчи Б. уруусунан чыккандыгы маалым. Мындай маалымат Алтын-Көлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетине рун жазмасы м-н чегилген эстеликте сакталып калган. О. Каратаев.