БОЛЬЦМАН Людвик

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЛЬЦМАН Людвиг (20. 2. 1844, Вена – 5. 9. 1906, Дуино) – австриялык физик, статикалык физикага ж-а физ. кинетикага негиз салуучулардын бири. Вена ИАнын (1895) ж-а бир нече өлкөнүн академиясынын мүчөсү. 1866-ж. Вена ун-тин бүткөн. Ал ошол мезгилде эле физиканын бардык тармактары ж-а математиканын кээ бир бөлүмдөрү б-ча ил. иш жүргүзгөн. А. и. маанилүүлөрү — газдардын кинетикалык теориясы ж-а термодинамиканын статикалык негизделиши. Ж. Максвеллдин газ молекулаларынын ылдамдыктарынын бөлүштүрүү законун сырткы күчтөр талаасындагы газдарга колдонуп, «Больцман бөлүштүрүүсү» деген формуланы аныктаган (к. Больцман статистикасы). Идеалдык газдардын кинетикалык теориясына статистикалык методдорду колдонуп, газдардын кинетикалык теориясынын негизги теӊдемесин чыгарган. Б-дын эӊ негизги эмгектери кайталанбас процесстерди изилдөө ж-а термодинамиканын экинчи башталышын статистикалык жол м-н түшүндүрүү маселелерине арналган.