БОЛЬШАКОВ Михаил Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЬШАКО́В Михаил Николаевич (12.11.1907, Калуга – 12. 6.1992, Бишкек) – техника илимд. доктору (1952), Кырг. ССР ИАнын корр. мүчөсү (1954), Кырг. ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1977). Ленинград политехника ин-ттун бүтүргөн (1931). 1931–40-жылда Ленинграддагы долбоорлоо ж-а ил.-из. мекемелеринде иштеген. Чоӊ Чүй каналын (ЧЧК), Орто-Токой суу сактагычын курууну долбоорлоо б-ча топтун (1940–42), 1946–83-жылдарда Кырг-нда энергетика б-ча топтун жетекчиси, суу чарба секторунун башчысы, ил. иштер б-ча директордун орун басары (1953), Суу чарбасы ж-а энергетика ин-тунун директору (1954–63), ошол эле жерде гидрология б-ча лабор-нын, о. эле, суу ж-а сууэнергетика ресурстары бөлүмүнүн башчысы. 1967-жылдан Кырг-н суу чарба ил.-из. ин-тунун директору, 1974-жылдан Респ-нын суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу ж-а коргоо бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Гидрология ж-а гидротехника б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги, а. и. 5 монографиясы жарык көргөн. Кыргыз ССРинин алгачкы улуттук атласын түзүүчүлөрдүн бири болгон.

Эмг.: Водоэнергетические ресурсы Киргизской ССР (совм. с В. Г. Шпаком). Ф., 1960; Водные ресурсы рек советского Тянь-Шаня и методы их расчёта. Ф., 1972.