«БОЛЬШАЯ СОВЕТСКАЯ ЭНЦИКЛОПЕДИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БОЛЬША́Я СОВЕ́ТСКАЯ ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯ» (БСЭ) – дүйнөлүк универсалдуу ири энциклопедиялардын бири. Москвадагы «Советская энциклопедия» басмасынан чыгарылган. БСЭнин 65 томдуу 1-басылышы 1926–47-ж. жарык көргөн. Башкы редактору О. Шмидт (1941-ж. чейин). 2-басылышы 1949–58-ж. 51 том (51-тому кошумча), башкы редактору С. Вавилов (1951-ж. чейин), Б. Введенский (1951-ж.). 1957-жылдан БСЭнин «Ежегодниктери» чыга баштаган. 30 томдук 3-басылышы 1969–78-ж. жарык көргөн; башкы редактору А. М. Прохоров (1969–78-ж.). Энциклопедиянын чыгарылышына ил. мекемелер, ил.-из. ин-ттары, ЖОЖдор, чыгармачыл уюмдар, дүйнөнүн 50гө жакын өлкөлөрүнүн окумуштуулары, коомдук ж-а саясий ишмерлери катышкан. БСЭнин 3-басылышы АКШда, Грекияда, Италияда которулуп чыккан. 2005-жылдан ошол эле басмадан «Большая Российская Энциклопедия» (БРЭ) көп томдугу басылып чыгууда., к. Большая Российская энциклопедия.