БОМАРШЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОМАРШЕ Пьер Огюстен Карон де (24. 1. 1732, Париж – 18. 5. 1799, ошол эле жер) – француз драматургу. «Евгения» (1767), «Эки дос» (1770) драмаларында өз заманындагы коомдук теӊсиздикти чагылдырган. Анын «Мемуарлары» (1773–74) – ошол кездеги сот ишин жүргүзүүдөгү адилетсиздикти аёосуз ашкерелеген сатиралык памфлет. Б-нин драмалык чыгармаларынын туу чокусу – «Севильялык чачтарач» (1775), «Фигаронун үйлөнүшү» (1784) аттуу комедиялары. Б. «Айыптуу эне» (1792) аттуу пьесасында өткүр сатирадан мелодрамага өткөн. «Севильялык чачтарач» комедиясына Ж. Россини (1816), «Фигаронун үйлөнүшү» комедиясына В. А. Моцарт (1786) опера жазып, дүйнөлүк театр сахналарында коюлууда.

П. О. К. де Бомарше. Ж. М. Натьенин портреттик иши
(1755). Өздүк коллекция.