БОМБАЛООЧУ АВИАЦИЯ
БОМБАЛООЧУ АВИА́ЦИЯ – согуш авиациясынын кургактагы же деӊиздеги объектилерди бомба ж-а ракета м-н кыйратуучу түрү. Авиациянын милдетине ж-а учуу тактикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык, Б. а. фронттук ж-а стратегиялык (АКШ армиясында тактикалык ж-а стратегиялык) болуп бөлүнөт. Ф р о н т т у к Б. а. кургактагы аскер күчтөрүнүн аракетин колдоого, с т р а т е г и я л ы к Б. а. душман тылындагы объектилерди бомбалоодо пайдаланылат. АДФ аскерлеринин аракетин сүрөмөлөө үчүн да колдонушат. Б. а-нын негизги куралы – башкарылуучу ж-а башкарылбоочу ракеталар.