БОНАПАРТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНАПАРТИЗМ – Франциядагы саясий тенденцияларга карата колдонулган авторитардык режим. Парламенттик демократияны четке кагып, күчтүү аткаруу бийлигин ырастаган. 1799-ж. Наполеон I Бонапарт жүргүзгөн мамл. төңкөрүштүн натыйжасында – биринчи, Луи Наполеондун (Наполеон III) Экинчи Империя учурунда (1852–70) – экинчи бонапартисттик режим орнотулган. Наполеон III нүн бийлиги астында Б. «толук» формага ээ болгон. Бонапартисттик режимдердин түзүлүшү, француздардын «улуттук биримдигин» калыбына келтирүү ж-а «укуктук тартипке» кайтып келүү ураандары астында өткөн, 1789 ж-а 1848-ж-дагы революциялардан улам келип чыккан курч социалдык карама-каршылыктарды жеңүүгө ж-а революциянын жеңиштерин (жаңы пайда болгон буржуазиянын укуктарын таануу, жеке эркиндиктер, саясий теңчиликти жарыялоо ж.б.) бекемдөөгө багытталган.
Б-дин идеологиясы улутчулдуктун, консерватизмдин, либерализмдин, ал тургай социализмдин (сенсимонизм) постулаттарын бириктирип, эклектикалык ж-а демагогиялык мүнөздө болгон. Бонапартисттик режимдерди колдогон социалдык күчтөр – дыйкандардын консервативдик массасы болгон. Б. негизинен армия м-н полицияга таянган. Бонапартисттик режимдер ар кандай таптар м-н социалдык топтордун ортосундагы маневрлер м-н мүнөздөлгөн. Бонапартисттик режимдердин ички саясатта экон. либерализмди, тышкы саясатта Франциянын континентте ж-а анын чегинен тышкары жерде үстөмдүк кылуучу позициясын бекемдөөнү көздөгөн (бул Биринчи ж-а Экинчи Империялардын кыйрашына алып келген). 20-к-дын башында Б-дин идеологиялык тенденциялары Шарль де Голль түзгөн Бешинчи Респ-нын конституциясынан байкалат. Андан кийин «Б». термини ар кандай аскердик-диктатордук ж-а авторитардык режимдерди мүнөздөө үчүн колдонулат.
Ад.: БРЭ, 4-том, М. 2006.