БОНДАРЧУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНДАРЧУ́К Сергей Фёдорович (25.9.1920, Одесса обл. Белозёрка кыш. – 20.10.1994, Москва) – актёр ж-а кинорежиссёр, сценарист, педагог. СССР эл арт. (1952), Соц. Эмг. Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-ж. ВГИКтин актёрдук ф-тин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» фильминде Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» фильминдеги (1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыг-лык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966–67). 1977-ж. А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) фильмдеринде актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» фильмин өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коӊгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» фильмдеринде дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер ж. б. башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйл. алган (1968). Лениндик сыйл. (1960), эки жолу СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977, 1984). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.

С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык»
фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966–67.