БОНСAЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНСAЙ – өсүмдүктөрдөн өстүрүлгөн, көлөмү кичинекей көчүрмө; Чыгыш өлкөлөрүнө тиешелүү иск-во. Кытайда 2 миӊ жыл мурда пайда болгон, кийинчерээк Японияда өнүккөн. Европалыктар биринчи жолу Б-ды 19-к-да, Россияда 20-к-дын экинчи жарымында таанышкан. 1984-ж. Б-дын Европа ассоциациясы уюшулган. Б. стилиндеги композициялык салт – өткөндө-гүлөрдүн көчүрмөсү ж-а күндөлүк турмуштун белгиси. Бул композициялык салт миӊдеген жылдардан бери сакталып келүүдө. Иск-вонун бул түрү өсүмдүктүн өсүшүн токтотуп, бутактарын ар түрдүү формага келтирип кесет. Б. композициясынын стили жаратылыштын кичине формасын кайталайт: түз өскөн теректер (теккан) же жарым ийилген (сянан) жалгыз же сөӊгөктүү бутактар, сөӊгөктүү (кабудати), баш жагы «мажүрүм тал» сыяктуу ж. б. Б-дын токой көрүнүшүндөгү композициясы кеӊири тараган (ёсэ-уэ) же жерде өскөн бактын сөӊгөктөрү тик бутактууга айланган. Б. стилинде декоративдик (арча, зараӊ ж. б.) же мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн (майда мөмө берүүчү алмалар, пираканта, санура ж. б.), о. эле көп жылдык чөптүү, гүлдүү өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Көбүнчө бак-дарактардын сөӊгөктүү түрлөрүн колдонушат. Б-га жаратылыш ландшафтын тууроо максатында таштар ж-а мохтор пайдаланылат.
Ад.: Дханда Л. Культура бонсай. М., 1990; Кассинс К. Бонсай для начинающих. М., 2004.
Н. Жылдызова.

Зараӊ дарагы менен композиция.