БООГАЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООГАЧЫ Жакыпбек уулу (1866, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ак-Муз айылы – 1935, Нарын р-ну, Дөбөлү айылы) – төкмө акын, обончу, ырчы ж-а алгачкы агартуучулардан. Аны бүтүндөй кыргыз жергесине таанымал кылган ыры – «Үкөй». 1941–45-ж. ал айылга өз каражаты м-н медресе ачкан. Эл арасында сүйүү ырларын көп ырдап, лирик акын, обончу катары таанылган.

Андан 1922-ж. «Карагул» дастаны, макал-ылакаптар жазылып алынган. 1929-ж. анын өмүрүндөгү ары армандуу, ары кайгылуу жыл болгон. Элүүдөн эӊкейгенде туулуп-өскөн жеринен ажырап, жер которуп, күнөөсүз айдалган. Акындын сүргүндөгү ырлары бизге жеткен жок. Ал 1932-ж. бошоп, элине кайтып келгенде, чуудан алыс болгусу келип, сүргүндөгү жагдайын ырдап эскербеген көрүнөт. Б-нын күйгөн, секетбайлары негизинен 20-жылдары эле кагаз бетине түшүрүлүп, жыйнак түрүндө жарык көргөн. «Секетбай» 1925-ж. араб тамгасында Москвадан басылып чыккан. Жыйнап, басмага даярдаган И. Арабаев. «Сүйгөн» аттуу экинчи жыйнагы Фрунзеде 1927-ж. Араб тамгасында жарыяланган. Басмага С. Карачев даярдаган. 1990-ж. «Адабият» басмасы Б. м-н Ы. Борончиевдин чыгармаларын бириктирип, бир китеп кылып чыгарган. 1994-ж. Акындын 125 жылдыгына карата анын ырлары, ал тууралуу эскерүү-иликтөөлөр да камтылган жыйнагы «Боогачы» деген ат м-н окурмандарга тартууланган. Ушул эле жылы 125 жылдык мааракеси өткөрүлүп, Дөбөлүдөгү мүрзөсүнө күмбөз тургузулган. Анын ысмы туулган айлындагы орто мектепке коюлган ж-а эстелиги тургузулган.