БООЗ МАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БООЗ МАЛ – тубар малдын уруктангандан төлдөгөнгө чейинки физиол. абалы. Б. м-дын түрүнө жараша бооздук мөөнөтү ар кандай болот. Мис., уйдун бооз абалы орто эсеп м-н 270–300 күнгө созулуп, жетилген музоонун туулушу м-н аяктайт. Кой козусун 150 күн, бооз бээ кулунун 11 айга чейин (же ашырып) көтөрүп тууйт. Мегежиндин бооз абалы 110–120 күнгө созулат ж-а торопойдун туулушу м-н бүтөт. Коён бөжөгүн 30 күн көтөрөт. Б. м. толук баалуу, сапаттуу, микро- ж-а макроэлементтер, витаминдер м-н нормалдаштырылган рацион б-ча тоюттандырылат. Бооз абалдын мөөнөтүнө жараша тоюттун түрү (сенаж, силос ж-а чөп) ж-а алардын рациондогу катнашы өзгөрүшү мүмкүн. Туутка жакын калганда (1 жумадан 10 күнгө) Б. м. өзүнчө туут бөлмөсүндө багылат.