БООРСОК
БООРСОК – майга бышырылган нан; кыргыздын эӊ сыйлуу тамак-ашынын бири. Ал көбүнчө ачытылган камырдан жасалат. Камыр ачыганда ченеми м-н тоголоктоп, жукартып жаят, узатасынан тилип, аларды түрдүүчө кесип, казандагы кайнап жаткан майга салып бышырат. Б. жуурулушу, кесилиши ж-а даярдалышы жагынан бир нече түргө бөлүнөт: мис., чарчы Б. – жумшак жуурулуп, кыйгачынан чарчы кесилет; чий Б. – камырга май, кумшекер кошуп, сүткө катуу жуурулат, уз. 4–5 смдей болуп кесилет; бал Б. – катуу ийленген камырды 2 мм калыӊдыкта жайып, ичке кесет ж-а бышыргандан кийин кенен идишке салып, үстүнө ысытылган бал куюлат; кыртылдак Б. – каймак, кумшекер кошулуп, камыры жумшак жуурулат, жука жайылып, кыя кесилет.
