БОО-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОО-ТЕРЕК – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нундагы кыштак. Боо-Терек айыл округуна караштуу. Талас – Тараз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 975 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 25 км түш.-батыш тарапта, Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 75 км. 1891-ж. отурукташкан. Калкы 4662 (2009); негизинен а. ч. ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, спорт комплекси, универсал дүкөн, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.