БОР (чөкмө тоо тек)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР – чөкмө тоо тек; акиташ тегинин бир түрү. Табияттагы Б-дун 91–99% орг. калдыктардын көмүр кычкыл кальцийинен (кальциттен) турат. Кээ бир түрүндө алардан башка кварц, талаа шпаты сыяктуу минералдардын өтө майда бөлүкчөлөрү болот. Өӊү ак, начар камдашкан, оӊой жугат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1. Орг. ж-а хим. жолдор м-н бор мезгилинде пайда болгон акиташ тегинин арасында жолугат. Б. цемент, айнек өндүрүшүндө ж-а хим. өнөр жайында боёк, резина, парфюмерия ж. б. даярдоодо пайдаланылат.