БОРБИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБИЕВ Нуртай (15. 1. 1937, Чүй обл., Кызыл-Аскер айылы – 8.6.2019, Бишкек) – актёр, сценарист, кинооператор, кинорежиссёр, КРдин эл арт. (1991), КРдин мад-тына эмг. сиӊ. кызматкер (1979). Бишкек а. ч. техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүткөн (1958). 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961–66-ж. өз алдынча оператор, 1966-жылдан операторлук м-н катар эле режиссёрлук иш жүргүзгөн. 1990-жылдан «Келечек» киностудиясынын вице-президенти, Б. Бейшеналиева атн. Иск-во ин-тунун проф. (2002). Оператор катары тарткан

көрүнүктүү чыгармалары: «Алай карларында» (1963), «Манасчы» (1965), «Тору-Айгыр тумшугу» (1967), «Мурас» (1969), «Советтик Кыргызстан» (1975) документалдуу фильмдери, «Шаркыратма» (1975), «Түркүн тагдырлар» (1979), «Кошой таш» (1981), «Ак илбирстин тукуму» (1985), «Сүйүү жаӊырыгы» (1986), «Маӊкурт» (1989), «Азиат» (1990) көркөм фильмдери. Режиссёр катары «Айдыӊ» (1975), «Дунгандар» (1975), «Тынчсыздануу» (1975), «Жер деген эмне?» (1992) документалдуу фильмдерин тарткан. «Саманчы жолу» көркөм фильминде, «Көчө» фильминде чебер ойногон. Өзү тарткан бир катар документ фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу көпчүлүгү эл аралык сыйл. ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-байгени алган. Бир нече медалдар м-н сыйланган.