БОРБОРДОН ЧЕТТӨӨЧҮ КҮЧ
БОРБОРДОН ЧЕТТӨӨЧҮ КҮЧ – нерсенин эркин кыймылын чектеп, аны ийри сызыктуу кыймылдоого мажбурлоочу материалдык чекиттин аракети. Анын сан мааниси mJ2/rге барабар, мында m – чекиттин массасы, J – анын ылдамдыгы, r – траекториянын ийрилик радиусу. Б. ч. к. м-н борборго умтулуучу күчтүн сан маанилери бири бирине барабар ж-а карама-каршы тарапка бир түз сызыкты бойлой багытталат, бирок аракет ж-а каршы аракет эткен күч катары түрдүү нерселерге жумшалат. Мис., жипке бекитилген жүк горизонталь тегиздикте айланганда, борборго умтулуучу күч жүктү айлана б-ча кыймылга келтирип, жип аркылуу жүккө аракет этет.