БОРБОРДУК АМЕРИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК АМЕ́РИКА – Түн. Америка материгинин эӊ түш. четки бөлүгү. Тропиктик кеӊдиктен орун алган. Анда Мексика (түш.-чыгыш бөлүгү), Белиз, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Панама ж-а Сальвадор мамлекеттери жайгашкан. Б. А-нын табигый түн. чеги Мексика тайпак тоосунун түш. четиндеги Бальсас тектон. өрөөнү, түштүгү Дарьен мойногу б-ча өтөт. Кээде түн. чеги Теуантепек мойногу, түш. чеги Панама мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Туурасы Юкатан жарым аралы тушта 960 км, Панама мойногунда 48 кмге чейин. Б. А. Түн. Америка м-н Түш. Американын аралыгында жайгашкандыктан, табигый шартында эки материктин теӊ таасири бар. Тектон. жактан эки материк м-н теӊ байланышта, климаты, флора ж-а фаунасы б-ча көбүнчө Түш. Американын түн. аймактарына окшош. Орто бийик тоолор ж-а жанар тоонун аракетинен пайда болгон кырка тоолор басымдуу. Катуу жер титирөөлөр болот, аракеттеги жанар тоолору (Тахумулько, бийикт. 4217 м ж. б.) бар. Климаты тропиктик, жылына 3000–5000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түн.-чыгышын нымдуу тропик токою, түш.-батышын ж-а түндүгүн жалбырагын күбүүчү токой ж-а бадал өсүмдүктөр ээлейт.