БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК А́ФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫ (БАР) (Republique Centrafricaine) – Борб. Африкадагы мамлекет. Батышынан ж-а түш.-батышынан Камерун, түштүгүнөн Конго Демокр. Респ. ж-а Конго Респ., түн.-батышынан Чад Респ., түн.-чыгышынан Судан м-н чектешет. Аянты 623 миӊ км2. Калкы 5,0 млн (2021). Мамл. тили – француз ж-а санго тилдери. Борбору – Банги ш. Адм.-айм. жактан 16 префектурага, 1 автономия коммунасына (борбору) бөлүнөт. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы.


==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
БАР – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1995-ж. 7-январда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Конгресс (Улуттук чогулуш ж-а Экон. ж-а региондук кеӊеш). 1991-жылдан көп партиялуу система киргизилген. Саясий партиялары: Демократия ж-а прогресс үчүн альянс, Демократия ж-а өнүгүү кыймылы, Прогресс үчүн патриоттук фронту, Социал-демокр. партия, Борбор-Африка. демокр. бирикмеси партиясы ж. б.

Табияты.


БАР Конго м-н Шари д-нын алабында, негизинен саванна ж-а сейрек токойлуу субэкватордук аймакта жайгашкан. Аймагынын көбүн Азанде дөӊсөөсү ээлейт, бийикт. 600–900 м (эӊ бийик жери Нгая чокусу, 1388 м), ал аралча тоолордон ж-а кенен өрөөндөрдөн турат. Четки түндүгүн (Чад ойдуӊунун түш. чети тегиз, айрым жери саздуу) түздүк ээлейт. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу ысык. Айлык

Банги ш., арткы планда Ибанги дарыясынын жээгиндеги дөӊсөөлөр.

орт. темп-расы 21°Сден 31°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1000–1200 мм, түштүгүндө 1600 мм. Башкы дарыялары – Убанги, Санга (кеме жүрөт). Шари д-нын системасына кирген көп дарыялар Чад көлүнө куят. Бийик чөптүү саванна, сейрек токой, четки түштүгүндө нымдуу экватордук жыш токой басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 12%ин токой ж-а бадал ээлейт. Жери кызыл топурактуу. Улуттук парктары: Сен-Флорис, Баминги-Бангоран, Андре-Феликс.

Калкынын


негизин банда (29%), гбайя (25%), нгбанди (11%), занде (10%) түзөт, о. эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Көпчүлүк салт болуп калган динди тутат (57%) калгандары христиандар (35%) м-н ислам (8%). Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 47, аялдарыныкы – 52 жаш. Шаар калкы 47%. Ири шаарлары: Банги, Бвар, Бамбари ж. б.

Тарыхы.


БАРдын байыркы мезгилдеги тарыхы толук изилденген эмес. 16-к-дан азыркы БАРдын түн.-батыш бөлүгү Багирми мамлекетинин курамына кирген. 19-к-дын ортосунда анын аймагынын айрым бөлүктөрү Дарфур султандыгына ж-а Вадаи мамлекетине көз каранды болгон. 19-кдын аягында БАРдын аймагынын көп бөлүгү Раббаха мамлекетине караган. 1891–95-ж. Француз колониячылары БАРдын аймагында Форт-Россе, Форт-Сибю, Форт-Крампель, Банги ж. б. аскер гарнизондору жайгашкан таяныч пунктарын негиздешкен. Раббахтын армиясын талкалаган соӊ (1900), алар БАРды толук каратышып, ал 1904-ж. Убанги-Чад француз колониясына кошулган. 1910-ж. бул чөлкөмдөгү

Франциянын башка колонияларынын катарында Француз Экватордук Африкасынын (ФЭА) курамына кирген. 1914-ж. азыркы БАРдын аймагы ФЭАнын курамындагы Убанги-Шари аталган өз алдынча колонияга айландырылган. Франция Габон, Ортоӊку Конго ж-а Убанги-Шариде жаратылыш ресурстарын иштетүүнү жеке компанияларга монополиялык концессияга берген. 1928-ж. колониялык эзүүгө каршы көтөрүлгөн гбайя элинин көтөрүлүшү («гбайя согушу») 1930-ж. басылган. 1946-ж. түзүлгөн өлкөдөгү алгачкы африкалык партия (Кара Африканын социалдык эволюциясы үчүн кыймыл) улуттук-боштондук күрөш ураанын көтөргөн. Ошол эле жылы Убанги-Шариге Франциянын «деӊиздеги алыскы аймагы» статусу берилген. 1957-ж. африкалыктар курамына кирген алгачкы Өкмөттүк кеӊеш түзүлгөн. 1958-ж. Борб. Африка Респ-сы (БАР) деген аталышта Француз коомунун курамындагы автономия респ., ал эми 1960-ж. 13-августунда толук көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1960-ж. 14-августта Д. Дако БАРдын президенти болуп шайланат. 20-сентябрда БАР БУУга мүчө болуп кабыл алынат. 1966-ж. 1-январында болгон аскердик төӊкөрүштүн натыйжасында бийликке полковник Жан-Бедель Бокасса келет. 1976-ж. 4-декабрда кабыл алынган жаӊы конституцияга ылайык өлкө Борб. Африкалык Империя деп аталып, Бокасса император (Бокасса I) деп жарыяланат. 1979-ж. Франциянын колдоосу м-н Бокассонун режими кулатылып, өлкөдө респ. түзүлүш калыбына келтирилет. 1981-ж. жаӊы конституция кабыл алынып, президенттик шайлоодо Д. Дако жеӊип чыгат. Этностук негизде түзүлгөн 4 саясий уюм Даконун жеӊишин таануудан баш тарткандыгына байланыштуу, парламенттик шайлоолор токтотулат. Өлкөдө бийлик куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Андре Колингбанын колуна өтөт. 1991-ж. өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1993-ж. шайлоодо Анж-Феликс Патассе президент болуп шайланат. 1996-ж. апрелде бийликке карата массалык нааразылык акциялары башталып, Патассе Франциянын жардамы м-н гана өлкөдөгү абалды турукташтырууга жетишет. Бирок каршылашуу андан ары уланып, куралдуу бирикмелер м-н армиянын ортосунда кандуу кагылышууларга алып келген. 1997-ж. жаӊы өкмөт түзүлүп, анын курамына оппозициялык

Борбордук Африка Республикасынын акчасы.

партиялардын өкүлдөрү кирет. Француз аскер контингенти Буркина-Фасо, Чад, Габон, Мали, Сенегал ж-а Тогонун аскер күчтөрү м-н алмаштырылат. Март-июнь айларында БАРдын коопсуздук күчтөрү м-н африкалык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталат. 1998-ж. мартта БУУнун көзөмөлү астында Бангиде Улут аралык жарашуу б-ча конф-я өткөрүлүп, жарашуу ж-дөгү макулдашууга кол коюлат.
Борбордук Африка Республикасынын тарыхына кошумча. 2003-жылдын мартында өлкөдөгү бийликти Борбордук Африка Республикасынын (БАР) куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы начальниги Ф. Бозизе басып алган. 2005-жылдын аягында өкмөткө каршы козголоңчу топтордун демонстрациялары күчөгөн. 2012-жылдын күзүндө негизинен курамы ЮООден 2000ге чейин согушкерлерден турган мусулман козголоңчуларынын «Селека» тобу түзүлгөн. 2012-жылдын декабрында «Селека» тобунун күчтөрү м-н Борбордук Африка Республикасынын (БАР) армиясынын ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 2012-ж. 24-мартта Борбордук Африка Республикасында (БАР) мамл. төңкөрүш болуп, президент Ф. Бозизе кызматынан четтетилген. Бийлик М. Жотодия башында турган «Селека» тобунун козголоңчуларына өткөн. Борбордук Африка Республикасынын (БАР) тарыхында биринчи жолу мамлекет башында мусулман азчылыгынын өкүлү келген.Мамл. төңкөрүштөн кийин өлкөдө курч саясий кризис күчөгөн. Ушундай шартта Борбордук Африка Республикасынын (БАР) христиандары «Антибалака» (зордук-зомбулукка каршы) өзүн-өзү коргоо отряддарын түзө башташты. 2014-ж. январда Чаддын борбору Нджаменде Борбордук Африка элкөлөрүнүн Экономикалык коомчулугунун аймактык саммити чакырылып, өлкөнү кризистен чыгаруунун маселелери каралган. 2014-жылдын 10-январында саммиттин катышуучуларынын кысымы м-н М. Жотодия отставкага кетип, К. Самба-Панза 2014-жылдын 20-январында өлкөнүн убактылуу президенти болуп шайланган. БУУнун маалыматы б-ча козголоң учурунда 2,5 млн адам гуманитардык жардамга муктаж болуп, 1 млндон ашыгы үй-жайын таштап, а. и. 160 миң адам коңшу өлкөлөргө – Чад, Конгого, Камерунга качкан, 2 миң адам конфессиялар аралык кагылышуулардын курмандыгы болгон.
2015-жылы ноябрда Рим папасы Франңиск Борбордук Африка Республикасына (БАР) келип, христиандар м-н мусулмандарды ынтымакка чакырган. 2015-ж. 13–14-декабрда Конституция кабыл алынган. Декабрда президенттик ж-а парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн президенттигине Ф.-А. Туадера шайланган. Ал өлкөгө конституциялык түзүлүштү орнотуу, согуштук аракеттерди токтотуу, согуштук топтордун мүчөлөрүн коомго реинтеграциялоо, инфраструктураны калыбына келтирүү ж-а жакырчылыкка каршы күрөшүү аракеттерин жасаган. Кырдаалды турукташтыруу үчүн Туадера Россияга жардам сурап кайрылган. Россия БУУда Борбордук Африка Республикасына (БАР) курал-жарак жеткирүүгө эмбаргону жарым-жартылай алып салууга жетишти. 2018-жылдын январында РФтен курал-жарактар келген. Борбордук Африка Республикасына (БАР) Россиянын атайын күчтөрү, аскердик инструкторлор ж-а адистер жайгашып, алар куралчан топтордун ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу катары да иштешкен. 2018-жылдын 28-августунда Хартум ш-нда Россиянын демилгеси ж-а Судандын президенти Омар аль-Баширдин колдоосу м-н «Антибалака» ж-а «Селека» топторунун лидерлери келишимге кол коюшкан. 2020-жылдын 27-декабрында Борбордук Африка Республикасында жалпы шайлоо өтүп, анда мамлекет башчысы ж-а жаңы парламент, Улуттук ассамблея шайланган. 2021-жылдын 18-январында шайлоонун жыйынтыгы м-н Ф.-А. Туадера өлкөнүн президенти болуп калган. Шайлоого катышкан оппозиция лидерлери, козголоңчулардын аскерий кетекчилиги шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу максатында өкмөткө каршы куралдуу күрөштү уланта турганын жарыялаган. 2021-жылдын 21-январында өлкөнүн ичиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу президенти Ф.-А. Туадера өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Экономикасы.


БАР – экон. жактан артта калган агр. өлкө. ИДПде айыл, токой, балык чарбасынын үлүшү 53,4%, иштетүүчү өнөр жайыныкы 7%, тоо кен казуу өнөр жайыныкы 5,8%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 410 доллардан (АКШ) туура келет. Аймагынын 9%ин айдоо (негизинен түш.ж-а батыш бөлүктөрүндө), 1%тен азын шалбаа ж-а жайыт ээлейт. Негизги а. ч. өсүмдүгү (товардык) – пахта ж-а кофе. О. эле маниок, таруу, сорго, шалы, жер жаӊгак өстүрүлөт. Жапайы май пальмасынын мөмөсү ж-а гевея ширеси чогултулат. Баалуу жыгач даярдалат. Мал чарбачылыгы бар. Дарыяларынан балык кармалат. Алмаз, алтын казылып алынат. 1993-ж. 97 млн кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 24 миӊ км. Башкы дарыя порту – Банги ш. Сыртка алмаз, кофе, жыгач, пахта чыгарылат. Негизги соода шериктери: Бенилюкс өлкөлөрү, Франция, Япония ж. б.

Маданияты.


1962-ж. мамлекетте 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарды милдеттүү түрдө окутуу, билим алуу тартиби киргизилген. Мамл. мектептер м-н бирге жеке менчик мектептер да бар. Айрым мектептерде окуу француз тилинде жүргүзүлөт. Башталгыч мектепте окуу 6 жыл. Банги ш-нда ун-т (1969-ж. уюшулган) ж-а жогорку педагогикалык мектептер, ил.-тех. изилдөө бюросу, Пастер ин-ту, Пахта ж-а токуучулук иск-во ин-ту, музейлер ж. б. бар. Басма сөз, радиоуктуруу, телекөрсөтүүлөр бар. «Борбордук Африка маалымат агентчилиги» (1974), Борб. Африка Радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүү кызматы (1958) иштейт. Эӊ таанымал жазуучусу Пьер Махомбо Бамборе. Жыгач оймочулук, өрнөкчүлүк, металлдан ж-а пилдин сөөгүнөн, берметтен кооз буюмдарды жасоо өнүккөн. Буйвол терисинен чыптама, китепке мукаба жасалат. Булар өнөрпоздор (кол өнөрчүлүк) мектебинде иштелет.
Ад.: Черников Г. П. Страны Экваториальной Африки. М., 1962. Страны мира. М., 1999; Новейшая история стран Азии и Африки. Т. 1, 3. М., 2001.