БОРБОРДУК НЕРВ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК НЕРВ СИСТЕМАСЫ – адамдын ж-а татаал түзүлүштүү жаныбарлардын мээсинин негизги бөлүгү. Четки нерв системасынан топтошуп ж-а кыртыш сымал жайгашкан нерв клеткалары м-н айырмаланат. Ага мээ ж-а жүлүн кирет. Ал негизинен эки милдетти аткарат: 1) денедеги бардык органдарды ж-а системаларды бири-бири м-н; 2) сезүү органдарынын жардамы м-н айлана-чөйрөдөн маалымат алып, денени сырткы чөйрө м-н байланыштырат. Негизги структуралык ж-а кызмат аткаруучу бөлүгү – нейрон. Денедеги бардык нерв талчалары бири-бири м-н тыгыз байланышкан. Ал организмдин айлана-чөйрө м-н байланышын жөнгө салып, бардык органдардын иш-аракетин тейлейт. Анын функциясынын негизин рефлекстер түзөт. Б. н. с. дененин башка мүчөлөрү м-н 12 жуп мээ нервин ж-а 31 жуп жүлүн дүмүрчөгүн байланыштырып, алардын ишин жүзөгө ашырат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуӊдан, ички органдардан ж-а кол буттан «маалымат» келип турат. Нейрондун алдыӊкы дүмүрчөгүнөн төмөнгө кетүүчү нервдер чыгып, алар аркылуу скелет булчуӊдарын жетектөөчү импульстар келет. Ошол эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын кызматын башкаруучу импульстарды берүүчү талчалары өтөт. Жүлүндүн ак затынын курамындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол м-н мээге, ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө Б. н. с-нын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү ж-а эфференттүү импульстар токтойт. Жүлүндөн мээге ж-а андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөӊгөгү аркылуу өтөт. Сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, теӊ салмактуулук, чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөлүү рефлекстери кирет. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу ж-а кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор бар. Көргөзгүч урчукта бүт дененин жүлүндөн, сүйрү мээден ж-а ортоӊку мээден жарым шар кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу ж-а зат алмашуу процессин тейлейт, о. эле жүрөк-кан тамыр ж-а эндокрин системасынын функциясы м-н ички ж-а сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөӊгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу мээ кыртышына кыймылдатуучу ж-а токтотуучу таасир берет. Ошолор аркылуу дененин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу ж. б. функциясы ишке ашат. Мээ жарым шарынан кетүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөӊгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин экинчи карама-каршы тарабындагы булчуӊдар шал болот. Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат.
М. Жээналиев.