БОРБОРДУК ПРОЦЕССОР
БОРБОРДУК ПРОЦЕ́ССОР , м и к р о п р о ц е с с о р – бардык жеке компьютердин абдан маанилүү компоненти, «мээси». Адатта арифм.-логикалык ж-а башкаруучу түзүлмө; айрым учурда (дайыма эмес) алгачкы эс катары каралат. Ал компьютердин иштөөсүн жөнгө салат ж-а маалыматты иштетет. Микропроцессор – көп учурда компьютердин эӊ чоӊ интегралдык схемасы. Кээде интегралдык схемалар «чиптер» (англ. chip) деп да аталат. Б. п-дун базалык элементтерин транзистордук кошкучтар, анын негизинде, мис., эки туруктуу абалга ээ болгон, маалыматтарды сактоого ж-а аларга тез жетүүгө, табууга арналган түзүлмөлөр – регистрлер курулушу мүмкүн. Регистрлердин саны ж-а разряддуулугу көп учурда Б. п-дун түзүлүшүн аныктайт. Б. п-до аткарылуучу буйруктар, эреже катары, арифм. амалдар, логикалык операциялар, башкаруунун берилиши (шарттуу ж-а шартсыз) ж-а маалыматтар (регистрлердин, оперативдүү эс ж-а киргизүү-чыгаруу портторунун арасында) жайгашат. Микропроцессор сырткы түзүлмөлөр м-н микросхеманын корпусуна чыгарылган атайын контакттар аркылуу өз дареги, маалымат ж-а башкаруу шиналары м-н байланышат.
Т. Р. Орускулов.