БОРБУГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБУГУЛОВ Мухтар (5. 5. 1930, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Ак-Тоок айылы – 13. 10. 2004, Бишкек) – жазуучу, адабиятчы, сынчы, драматург. Кыргыз эл жазуучусу (1996), филология илимд. доктору, проф., (1967), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1998). Жалал-Абад пед. окуу жайын (1946), КМПИнин тил ж-а ад-т ф-тин (1953), Москвадагы М. Горький атн. Ад-т ин-тунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. 1956–57-ж. «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1957-жылдан КМУда окутуучу, доцент, кафедра башчысы, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы (1988), Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору (1988–93) болуп иштеген. Адабий чыг-лыгы 1949-ж. башталган. 1955-ж. «Тамсилдер жана ырлар» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. «Элеттик жигит» романында (биринчи китеби – 1965, толук бойдон – 1989) кыргыз интеллигенциясынын турмушу, коомдук рухий маселелер чагылдырылган. Б. кыргыз ад-тында тамсил жанрын калыптандырууда белгилүү роль ойногон. «Кыргыз драматургиясынын өсүү жолу» (1958), «Турмуштун тереӊин көздөй» (1967), «Учу-кыйырсыз жол» (1968), «Кенч капкасын ачып» (1975), «Адабият теориясы» (1996) аттуу эмгектери кыргыз ад-тынын урунттуу маселелерин, «Манас» эпосун, андагы башкы каармандын образынын байыркы башаттарын иликтөөгө арналган. Повесттер, аӊгемелер, тамсилдер, ырлардан турган жыйнактары, «Барпы» аттуу пьесасы жарык көргөн. «Горькое лекарство» тамсилдер жыйнагы (1958), «Джигит из глухого аила» романы (1968), «Бабушка и спутник» комедиясы (1977) орус тилинде басылып чыккан. 1981-ж. «Улуттук жана интернационалдык биримдик» деген китебине СССР Жазуучулар союзунун сыйл. ыйгарылган.
Эмг.: Тамсилдер, Ф., 1956, 1960; Кыргыз совет драматургиясынын өсүү жолу. Ф., 1958. ж. б.