БОРДО
БОРДО́ (Bordeaux) – Франциянын түш.-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый обл-нун аймагында. Жиронда департаментинин адм. борбору. Калкы 250,5 миӊ (2016; шаар айланасы м-н 986,4 миӊ). Гаронна д-нын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (а. и. Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

Б. з. ч. 3-к-дан Б у р д и г а л а деген ат м-н белгилүү. 1235-ж. шаар укугун алган. 14-к-дын башында ири соода ж-а кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, о. кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс ж-а барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Б-до ИА, ун-т, эл аралык ун-т, бизнес жогорку мектеби, ил.-из. борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Б-до 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.
Б. – ири өнөр жай түйүнү. Машина ж-а кеме куруу ж-а ремонттоо, нефть ажыратуу, хим., текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Б. – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ гадан ашык).