БОРДОО
БОРДОО – малды колдо багып семиртүү. Ага көбүнчө уй, чочко, кой ж-а үй куштары коюлат. Б-нун максаты – малды тез семиртип, эттин, теринин ж-а жүндүн сапатын жакшыртуу. Аны туура пайдаланганда, тоют аз чыгымдалып, этти арбын алууга болот. Б-нун мөөнөтү малдын, үй куштарынын жашына, породалык сапатына ж-а берилген тоютка жараша болот. Мис., инек ж-а картаӊ уйду 60–75, ноопасты 90–120, койду 45, жылкыны 60–75 күн борго байлайт. Бул учурда уй күнүнө кеминде 800, кой 150, жылкы 600 гдан салмак кошот. Кырг-ндын шартында мал Б-до жем-чөп, силос колдонулат.