БОР КИСЛОТАСЫ
БОР КИСЛОТАСЫ , о р т о б о р к и с л о т а с ы, Н3ВО3 – үч негиздүү кислота, түссүз кристаллдар, сууда эрийт. Ысытканда метабор к-тасына НВО2, андан ары бор ангидридине В2О3 айланат. Сууда эригичтиги 20°Сде 4,89 %, орг. эриткичте эрийт. Туздары бораттар деп аталат. Концент. Н2SО4 катышуусунда спирттер м-н эфирди пайда кылат. Табиятта эркин түрүндө кездешпейт. Негизинен бораттарга Н2SO4тү таасир кылуу м-н алынат. Ал өнөр жайда буфердик эритмелерди даярдоодо, о. эле дезинфекциялоочу зат катары колдонулат.