БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Борб. ж-а Ички Теӊир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөӊгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоӊ Үзөӊгү-Кууш, Кичи Үзөӊгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Боз-

Жалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеӊдик багытта созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөӊгүсүнүн төрүндө 5170 м, орт. бийикт. 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуу-Суу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астынкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеӊдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөӊгүлөр ээлейт. Ортонку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V сымал тереӊ, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөӊгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800–4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарак баш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыр жыгар ж. б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраӊ, доӊуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.