БОРМАШИНА
БОРМАШИ́НА – тиштин катуу тканын тазалап, дарылоодо колдонулуучу мед. аспап. Б-нын кесүүчү бөлүгү – бор, ал болот, алмаз же карборунддан жасалган баш бөлүктөн ж-а тулкудан турат. Бут м-н кыймылга келтирүүчү, электрдик ж-а турбиналык (баралык) болот. Электр Б-сын электр кыймылдаткыч кыймылга келтирет. Турбиналуу Б. учунда жайгашкан турбинадан (бара) чыккан кысылган буу агымы м-н кыймылга келет. Бордун айлануу жыштыгы электр Б-ныкы 30 миӊ айл/мин, турбиналуунуку 350 айл/мин. Айлануу жыштыгы канчалык чоӊ болсо, оору анча сезилбейт.