БОРН Макс

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРН Макс (11.12.1882, Бреслау, азыр Вроцлов –5.1.1970, Гёттинген) – немец физика теоретиги, квант механикасын түзүүчүлөрдүн бири. Россия ИАнын чет элдик корр. мүчөсү (1924), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1934). 1933-жылдан Улуу Британияда, 1953-жылдан Германияда иштеген. Квант механикасын статикалык жол м-н түшүндүргөн. Кристалл торчосунун динамикалык теориясы, атом физикасы, оптика ж-а табият таануунун философиясы б-ча эмгектери бар. Нобель сыйл. лауреаты (1954).