БОРОМБАЙ
БОРОМБАЙ уулу Нурдин (1886, азыркы Нарын обл., Ак-Талаа р-ну – 1918 же 1919) – акын. Тоголок Молдонун шакирти. Ал кат билген сабаттуу адам болгон. Жаштайынан улуттук оюндарда ырдап, такшалган. Көбүнчө дин ж-дө ырдаган. Анын насыяттары «Мурас» (1990) жыйнагына чыккан. Ырлары, өмүрү, чыг-лыгы ж-дөгү маалымат «Ала-Тоо» журналына (1996) жарыяланган. Ал элди өзүнө тарта билген таасирдүү, күчтүү акындардан болгонун обончу Калмурат эскерген. «Бешкөл көпүрөсү», «Нуркожо», «Айтышуу», «Өлүм алдында» деген ырлары ооздон-оозго өтүп ырдалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал эл чогулган жыйындарда айтышка түшкөн. Б. дүйнөдөн эрте өтүп, маӊыздуу чыгармалары элге жетип, атагы жалпы журтчулукка кеӊири жайылып кетпегени м-н, эли үчүн күйгөн атуул, уккандарды өнөрүнө багынткан илеби күчтүү акындардан болгон.