БОРОНОВ
БОРОНОВ Кубатбек Айылчиевич (15. 12. 1964-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Зергер айылы) – генерал-майор (2014). 1991-ж. ФПИни бүткөн. 1991–92-ж. СМУ-9 «Фрунзекурулуш» трестинде кыш куюучу, 1992–98-ж. «Кыргызкурулуш» АКга караштуу «Курулуштокойкомплект» өндүрүштүк бирикмесинин инженери, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы, 1998–2000-ж. «Кыргызкурулуш» АКнын жыгач иштетүүчү з-дунун директору, 2001–02-ж. «Гөктург» ЖЧКнын директорунун орун басары, 2003-ж. КРдин Экология ж-а Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу штабынын пландоо, экон. ж-а материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2003–06-ж. Материалдык-техникалык камсыздоо б-ча Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2006–08-ж. Түн. аймактар аралык дирекциясынын башчысынын орун басары, 2009–10-ж. КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй обл. б-ча башчысы, 2010-ж. КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу ж-а кесепеттерин жоюу департаментинин директору, 2011-ж. КРдин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, 2011-жылдан министри, 2018–20-ж. КРдин биринчи вице-премьер-министри, 2020-ж. КРдин Премьер-министри болуп иштеген.