БОРОНЧИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОНЧИЕВ Ысмайыл (1910, Чүй обл., Чүй р-ну, Алчалуу айылы – 8. 11. 1978, Бишкек) – төкмө акын, Кыргыз ССР эл арт. (1958). Б-дин ырчылык өнөрү 1929-жылдан башталган. Алгачкы ырлары айыл турмушу м-н махабат темасына арналган. 1936–61-ж. Кыргыз мамл. филармониясында иштеген. Калык, Осмонкул, Алымкул өӊдүү кыргыздын айтылуу ырчылары м-н бирге жүрүп, алардан таалим алган. Б. айтыш өнөрүнүн чебери катары белгилүү. Акын өзүнүн айтышын 1936-ж. Фрунзеде болуп өткөн олимпиада күндөрүнөн баштаган. Кыргыз-казактын аты алыска кеткен төкмө акындары м-н айтышкан. Кенен аттуу казак ырчысы ж-а Токтонаалы Шабданбаев м-н эл арасында ырдап жүргөн кезинде жаралган айтыштары бар. Токтонаалы м-н Ысмайылдын айтыштары тамашалуу айтыштардын мыкты үлгүсү, ал өзүнчө китеп болуп басылып чыккан (1962). Айтыштардын мазмуну м-н тематикасы ар түрдүү. «Кырк жылда сонун жаӊылык», «Декаданын көрүнүшү», «Осмонкул Бөлөбалаевдин жетимиш жылдык тоюндагы куттуктоо», «Тоголок Молдонун жүз жылдыгындагы ыр», «Токтогулга эстелик», Алымкулга, Осмонкулга, Саякбайга арналган айтыштар, «Таалайлуу кыргыз элибиз», «Карыялардын айтышы», «Жолугушуу» деген сыяктуу айтыштарды айрыкча бөлүп атоого болот. Б. айтыштын жаӊы түрүн киргизген, б. а. «Жөө айтыш» деген чыгармасы ыр м-н эмес, кара сөз иретинде айтылган. Кыргыз жергесинин сулуулугун даӊктаган «Кыргызстан», «Кеӊ Алай», «Семизбел», о. эле «Селки», «Угуӊуз» деген лирикалык ырлары белгилүү. Анын чыг-лыгына айтылчу ойдун көркөмдүгү ж-а тереӊдиги мүнөздүү. «Зууракан», «Акмаӊдай», «Таштандылардын калдыгы», «Алымкулду жоктоо» ж. б. ырларга обон чыгарган. «Шамбет» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1949), «Кызыл кырман» (1953, 1970), «Айтыштар» (1961), «Менин сөзүм» (1965), «Боогачы, Ысмайыл» (1990) ж. б. ыр жыйнактарынын, «Ырчынын өмүрү» (1969) аттуу мемуардык китептин автору. Айрым ырлары орус тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.