БОРООНЧУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРООНЧУЛАР (Procellariiformes) – деӊиз канаттууларынын тукуму. Дене уз. 15–105 см, ак чардакка окшош, үстүӊкү тумшугунун учу төмөн карай ийилген, буту жаргакчалуу, жүнү жыш, тыгыз, канаттары субагай, узун. Б. топтошуп аска-жарга уялашат. Алар – океандын, деӊиздин үстүндө талыкпай жакшы учуучу, сууда жакшы сүзүүчү, катуу бороон болорун алдын ала сезүүчү канаттуулар. Б. бирден жумуртка тууйт, 60 күнчө эркек-ургаачысы кезектешип басып, балапан чыгарат. Алар 4 айынан өзүнчө жем таап жегенге жарайт. Б-дын 24 уруусу ж-а 94 түрү белгилүү. Көбүнчө түш. жарым шарда кеӊири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү жашайт. Майда балыктар, моллюскалар, рак сыяктуулар ж. б. суу жаныбарлары м-н азыктанат.