БОР ПОСТУЛАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР ПОСТУЛАТЫ – атомдун туруктуулугун ж-а спектрдик закон ченемдүүлүгүн түшүндүрүүчү негизги далилдөө. Н. Бор 1913-ж. киргизген. Классикалык физика түшүндүрө албаган атом касиетин түшүндүрүү үчүн эки постулатты квант теориясынын негизи катары алган: 1. Атомдун стационардык абалда болушу. Энергиясы дискреттик Е1 Е2– Е3… катар сан маанилерине дал келген стационардык абалда атом туруктуу ж-а нур чыгарбайт. 2. Атом нурлануусунун жыштык шарты. Атом Еi энергиялуу стационардык абалдан Ек энергиялуу башка стационардык абалга өткөндө hn=Еi – Ек белгилүү жыштыктагы жарыкты – hn чоӊдуктагы кванттык нурланууну (фотонду) жутат же чыгарат. Атом квант энергиясын бөлүп чыгарганда көп энергиялуу Еi абалдан аз энергиялуу Ек абалга өтөт, ал эми квант энергиясын жутканда, тескерисинче болот. Атом физикасынын өсүшү Б. п. жалаӊ эле атом эмес башка микроскопиялык системалар – молекула, атом ядролору үчүн да туура экенин көрсөттү.