БОР РАДИУСУ
БОР РАДИУСУ – атом теориясына ылайык аныкталган суутектин атомдорундагы ядрого (протонго) эӊ жакын электрон орбитасынын радиусу. Ал Н. Бордун атомдук түзүлүш теориясынын негизинде 1913-ж. аныкталган. Б. р. а0= 2/me2=5,2917706(44) · 10–11м (1980), мында m ж-а e – электрондун массасы ж-а заряды, – Планк турактуулугу (2ге бөлүнгөн). Квант механикасында Б. р. суутектин дүүлүкпөгөн атомунун ядродон электронго чейинки аралыгы катары аныкталат.