БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСОГО КАПЧЫГАЙЫ Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү м-н Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш ж-а кооз капчыгай. Уз. 4 км. Деӊиз деӊг. бийикт. 2600 м. Таманы кууш, 100–150 м, айрым жерлерде 30–50 м. Капчыгай тек-

тон. тереӊ жаракадан ж-а суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 мге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 м бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыш. тушта 400 мге чейин кеӊейет. Ичке-Камандын чатынан жогорураак Ат-Башы өрөөнү башталат. Капчыгай аркылуу Ат-Башы суусу агат. Б. к. токой-шалбаалуу талаа зонасында жатат. Капчыгай ичи карагай токойлуу (айрыкча сол капталы). Карагайга аралаш арча, четин, шилби, ит мурун, жапайы кызыл карагат, бөрү карагат, ыргай ж. б. бадалдар кезигет. Капчыгайдын этеги кылканактуу түркүн чөптүү талаа ландшафттуу. Б. к. аркылуу Ат-Башы өрөөнүн Ак-Сай сырттары м-н байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Капчыгайда токой чарбасы бар.