БОСПОР МАМЛЕКЕТИ
БОСПО́Р МАМЛЕКЕТИ , Б о с п о р – Кара деӊиздин түн. жээгиндеги б. з. ч. 5-к. – б. з. 4-к-нда өкүм сүргөн байыркы мамлекет. Борбору Пантикапей (азыркы Керчь) ш. болгон. Б. м-нин гүлдөгөн мезгили б. з. ч. 4–3-к-га туура келет. Ошол учурда Б. м. Грекия ж-а Кичи Азия м-н соода жүргүзүп, аларга негизинен дан, о. эле мал, балык ж-а кулдарды саткан. Жер ортолук деӊиз жээгиндеги мамлекеттерден өзүнө кездеме, зайтун майын, металлдан жасалган асем буюмдарды алып турушкан. Өлкөдө дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүгү абдан өнүгүп, анын экономикасы кулдардын, дыйкандардын ж-а көз каранды калктын эмгегин пайдаланууга негизделген. Анын шаарлары Грекия м-н Кичи Азиянын шаарларына окшош болгон. Археол. казууларда Б. м-нин аймагынан көптөгөн шаар урандылары, храмдар, күмбөздөр, чептер, асем металл буюмдары табылган. Б. з. ч. 2-к-да анын социалдык-экон. абалы бир топ начарлаган. Б. з. ч. 107-ж. Боспордо көз каранды скифтердин ж-а Савмак башкарган кулдардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүш басылгандан кийин Б. м. адегенде Понт падышасына баш ийип, кийин б. з. ч. 63-ж. Рим империясына көз каранды болуп калган. Бирок Б. м. Римге көз каранды болгонуна карабастан, өз алдынча саясат жүргүзүп, күмүш тыйындарды чыгарган ж-а б. з. 1–2-к-нда кайрадан гүлдөп

өнүгүүгө жетишкен. Б. м-нин бийлиги Херсонеске ж-а Крымдын көпчүлүк бөлүгүнө чейин жеткен. Бирок, ошол мезгилдеги кул ээлөөчүлүк доордун жалпы кризиси Б. м-нин да начарлашына алып келген. Б. з. 3-к-нда Б. м-нин аймагын варвар уруулары басып кире башташкан. 4-к-дын аягындагы хунндардын жортуулу Б. м-нин биротоло жок болушуна алып келди.