БОСТОН (Ноокен районундагы кыштак)
БОСТОН – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ж. Момбеков атн. айыл округуна караштуу. Райондун борбору Масы кыш-нан 18 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 66 км. Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 640 м бийиктикте жайгашкан. 1896-ж. орношкон. Калкы 1327 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан эгиндерин өстү- рүүдө эмгектенет. Май чыгаруучу 2 ж-а пахта тазалоочу з-ддор, ак жуаз, 3 тегирмен, автомобилге май куюучу станция, 6 дыйкан чарбасы, 4 жеке чарба, дүкөндөр иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Акчабаев туулган.