БОСТОН (бий)
БОСТО́Н (boston, АКШнын Бостон ш-нын атынан) – алгач Бостон ш-нда 19-к-да пайда болгон лирикалык мүнөздөгү бий. Жай вальстын бир түрү. 1920-жылдарда Европада кеӊири тараган. Кадимки вальстан айырмаланып, бийди
коштогон муз. кайрыктын үчүнчү, кээде экинчи үлүшүнө тыным туш келет.