БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ
БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ – АКШдагы ири көркөм музейлердин бири (1870-ж. негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим иск-восунун эстеликтери топтолгон. О. Кылымдагы Кытай ж-а Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн иск-восу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, 18–20-к-дагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) ж. б. кооздоо ж-а көркөм сүрөт иск-восунун эстеликтери сакталган.