БОСТОНОВ
БОСТОНОВ Арзымкан (1910, азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Кош-Дөбө айылы – 1983, ошол эле жер) – мугалим. Нарын пед. окуу жайын бүтүргөн (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Семиз-Бел мектебинде мугалим болуп иштеген (1932–74). Сабатсыздыкты жоюудагы эмгеги үчүн Ленин ордени м-н сыйланган (1968).