БОТАНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТА́НИКА (гр. botfnе; – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөр ж-дөгү илим; биологиянын бир тармагы. Б. көп тармакты: өсүмдүктүн сырткы, ички түзүлүштөрүн, систематикасын, геол. убакыт ичинде өнүгүшүн (эволюция), тектештик байланыштарын (филогения); өткөн ж-а азыркы замандагы таралуу закон ченемин (өсүмдүк географиясы), чөйрө м-н өз ара байланышын, өсүмдүктөр жамаатынын түзүлүшүн (фитоценология же геоботаника), эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ж-а жолун (экон. ботаника), казып алынган өсүмдүктөрдү (палеоботаника), тиричилигин ж-а функциясын (өсүмдүк физиологиясы), хим. курамын ж-а биохим. процесстерди (биохимия), чөйрө ж. б. организмдер м-н ич ара байланышын (экология), өсүмдүк илдетин (фитопатология) ж. б. изилдөөнү камтыйт. Изилденүүчү объектилерине карата альгология (балырлар), микология (козу карындар), лихенология (эӊилчектер), бриология (мамык чөптөр), дендрология (дарак, бадалдар) ж. б. болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү жөнөкөй түзүлүштүү микроскопиялык организмдерди микробиология изилдейт. Б. илим катары байыркы грек табият изилдөөчүлөрүнөн башталган. Өсүмдүктөрдү биринчи жолу классификациялоого аракет жасап, сыпаттап жазган грек табият изилдөөчүсү Теофраст Б-нын «атасы» деп эсептелет. Б. 15-к-дан тез өнүгүп, улам жаӊы тармактары пайда боло баштайт. Анын өнүгүшүнө 18-к-дын орто ченинде швед окумуштуусу К. Линнейдин Б-нын өнүгүшүн жыйынтыктоосу, 19-к-да физика м-н химиянын жетишкендиктери, клетка теориясы ж-а Ч. Дарвиндин эвол. окуусу, 20-к-да генетика м-н мол. биологиянын өнүгүшү чоӊ таасирин тийгизген. Б. геология, химия, физика, география ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. А. ч-нын, токой чарбасынын, тамак-аш, текстиль, целлюлоза, жыгач иштетүү өнөр жайларынын көп маселелерин чечүүдө пайдаланылат. Кырг-нда 1928-ж. «Топурак-ботаникалык бюро» деген туӊгуч Б-лык мекеме уюштурулуп, анда Б-лык изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. И. В. Выходцев м-н Е. В. Никитинанын жетекчилиги астында геоботаника ж-а флористикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, респ-када биринчи гербарий түзүлгөн. Кырг-ндын аймагында өсүүчү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 400 миӊге жакын түрүн камтыган 11 томдон ж-а беш кошумча томдон турган «Кыргыз ССРинин флорасы» жарыкка чыккан (1955–88). Азыр Б-лык изилдөөлөр КР УИАнын Биология ж-а топурак таануу ин-тунда, Токой ж-а жаӊгак-чарба ин-тунда, Б. багында, о. эле респ-нын ЖОЖдорунда жүргүзүлөт.
Ад.: Жуковский П. М. Ботаника. 5 изд. М., 1982; Жизнь растений. 1–6 т. М., 1974–1982.
К. Т. Шалпыков.