БОТАНИКАЛЫК БАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТАНИКАЛЫК БАК – ботан. билимдерди таратуучу, ил.-из., окуу-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн өсүмдүк өстүрүүчү мекеме. Көбүнчө изилдөө жумуштарын ж-а экспозицияларды түзүүдө пайдаланылуучу ачык жерлерден, оранжереяларда өстүрүлүүчү өсүмдүк коллекцияларынан турат. Мындай бактардын көпчүлүгүндө дарак, мөмө-жемиш, дары-дармек, гүл өсүмдүктөр өстүрүлүүчү аянтчалар болуп, чоӊ бакта 20–30 миӊге чейинки өсүмдүк түрү өстүрүлөт. Негизги милдети – өсүмдүктөрдүн жаӊы, баалуу түрлөрүн таап, аларды чарбада өстүрүүгө багыт берүү. Б. б. тарыхый жактан биринчи ил. ботан. борбор болгон. Алардын кыйласы ботаниканын бир катар бөлүмдөрү б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүчү комплекстик ин-ттар болсо, айрымдары аткарган милдетине же коюлган темасына жараша адистештирилип, ил. мекемелерге айланган. Биринчи Б. б. 14-к-да Италияда негизделген. Кырг-нда 1-жолу 1938-ж. Фрунзе (азыркы Бишкек) ш-нда уюштурулган. Азыр ал – КР УИАнын карамагындагы өзүнчө ил.-из. мекемеси. Бакта Кырг-ндын ж-а О. Азия аймагында өскөн өсүмдүктөрдүн 600гө жакын түрү чогултулган. Жоголуп бара жаткан алма, четин, катыраӊкы, жылан жийде, аса-муса, боз кемпир, жапайы жүзүм ж. б. өстүрүлөт. КУУда окуу ишине байланышкан Б. б. да бар.
Б. Кендирбаева.