БОТО КӨЗ
БОТО КӨЗ (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы урусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийикт. 15–50 смге жетет, сейрек калыӊ түк м-н капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү – чачы. Мөмөсү – жаӊгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түш. Африка, Жаӊы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кырг-нда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу Б. к. кеӊири таралган.