БОТО-МОЙНОК
БОТО-МОЙНОК – Ак-Сай өрөөнүнүн түш.-чыгышында, Көк-Кыя м-н Корумду сууларынын баш жагында жайгашкан кырка тоо; Б.-М. аталыштагы ашуу, сууда бар. Какшаал тоо тизмегине кирет. Ортонку палеозойдун (девондун аягы, таш көмүр мезгилинин башы) кумдук, конгломерат, сланец, мергель, акиташ тоо тектеринен ж. б. турган бийик тоолуу аймак. Рельефине тайпак, пенеплендешкен формалар мүнөздүү. Айрым чокулары 4200–4300 мге чейин көтөрүлөт. Талаа, шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайытка, аӊчылыкка ылайык. Б. М-тун белинен (4020 м) илгери кербен жол өткөн.