БОФОРТ ДЕӉИЗИ
БО́ФОРТ ДЕӉИЗИ – Түн. Муз океандагы четки деӊиз. АКШ (Аляска) м-н Канаданын жээктеринде. Барроу тумшугу м-н Канадалык Арктика архипелагынын батыш аралдарынын аралыгында. Аянты 481 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 3749 м. Жыл бою муз каптап жатат. Макензи д. куят. Англ. адмирал Ф. Бофорттун ысмынан аталган.