БОЦМАН
БО́ЦМАН (голл. bootsman) – кеме экипажынын кенже командалык (АДФте старшиналык) курамындагы кызмат, палуба командасынын түздөн-түз начальниги. Б. жалпы иштерге жетекчилик кылуу, кеменин тетиктеринин кармалышына матросторду машыктырууга, кемедеги тартипке ж-а тазалыкка көз салат. Ири аскер кемелеринде башкы Б. ж-а бир нече Б. болот.