БОШКОЕВ Жоомарт Тербишалиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОШКОЕВ Жоомарт Тербишалиевич (19. 11. 1949-ж. т., Талас ш.) – генерал-майор (1993). Ташкенттеги В. И. Ленин атн. Жогорку жалпы аскердик окуу жайын (1970), Новосибирск ш-нда СССР мамл. коопсуздук к-тинин аскер контрчалгынынын жогорку курсун (1975), СССР мамл. Коопсуздук к-тинин Ташкент ш-ндагы Ф. Э. Дзержинский атн. Жогорку мектебинин чыгыш тилдерин үйрөнүү б-ча атайын курсун (1981), СССР мамл. коопсуздук к-тинин Москвадагы Ю. В. Андропов атн. ин-тунун чалгынчылардын жетекчи ж-а оперативдүү курамынын квалификациясын жогорулатуу ф-тин (1985) бү-түргөн. Б. 1970–74-ж. М. В. Фрунзе атн. 282-моторлошкон аткычтар полкунда взводдун, кийин ротанын командири, 1975–80-ж. СССР мамл. коопсуздук к-тинин Өзгөчө бөлүмүнүн О. Азия аскер округунун 8-моторлошкон аткычтар дивизиясында оперуполномочен, улук оперуполномочен, 1981–84-ж. Афганистан Респ-нын коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн. 1985-ж. СССР мамл. коопсуздук к-тинин Өзгөчө бөлүмүнүн О. Азия аскер округу б-ча улук оперуполномочен, 1985–86-ж. Кыргыз ССР мамл. коопсуздук к-тинде улук оперуполномочен, 1986–88-ж. Ысык-Көл обл. мамл. коопсуздук к-тинин башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1988–90-ж. Кыргыз ССР Мамл. коопсуздук к-тинин мобилизация тобунда улук оперуполномочен, кадрлар бөлүмүндө бөлүмдүн улук оперуполномочени, 1991–92-ж. КРдин Президентине караштуу күзөт бөлүмүнүн начальниги, коопсуздук кызматынын начальниги, 1992–2000-ж. КРдин Мамл. күзөт башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан «Кател» компаниясынын генералдык директорунун орун басары, 2008-ж. «Таатан» соода комплексинин коопсуздук кызматынын начальниги болуп иштеген. Кызыл Жылдыз, Афганистандын Достук ордендери ж-а Даӊк ж. б. медалдар м-н сыйланган.